Каттоо
Купуялык келишим
Жеке маалыматтар субъектисинин анын жеке маалыматтарын чогултууга жана иштеп чыгууга болгон макулдугу
Ветеринардык дары каражаттарын өндүрүүнү (даярдоону) жана сатууну лицензиялоо системасына жеке маалыматтарды иштеп чыгууга (чогултуу, жазуу, сактоо, актуалдаштыруу, топтоштуруу, тосмолоо, өчүрүү жана бузуу максатында жеке маалыматтарды кармоочунун (ээсинин) ыкмаларына карабастан же анын тапшыруусу боюнча автоматтык каражаттар менен же аларсыз аткарылуучу бардык операциялар же операциялардын топтому), ошондой эле Кыргыз Республикасынын "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Мыйзамына төмөнкүдөй жеке маалыматтарды үчүнчү тарапка берүүгө өз эрким менен, аң-сезимдүү түрдө макулдук берем:
- Фамилиясы, аты, атасынын аты;
- Жеке идентификациялык номур (ЖИН);
- Туулган жылы;
- Жынысы;
- Жарандык жөнүндө маалымат;
- Салыктын идентификациялык номери (СИН);
- Юридикалык жактын аталышы;
- Электрондук почтанын дареги;
- Уюлдук номур;
Жогоруда көрсөтүлгөн жеке маалыматтарды мага Ветеринардык дары каражаттарын өндүрүүнү (даярдоону) жана сатууну лицензиялоо боюнча мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү максатында иштеп чыгуу үчүн берем.
Мен лицензиялоо системасына катталган учурдан тартып, мага Ветеринардык дары каражаттарын өндүрүүнү (даярдоону) жана сатууну лицензиялоо боюнча мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалыматтарды сактоонун бүткүл мөөнөтүнүн ичинде жеке маалыматтарды иштеп чыгууга болгон макулдугум колдонула тургандыгы менен тааныштым.